Аймактар боюнча көмүрдүн баасы белгиленди

Аймактар боюнча көмүрдүн баасы белгиленди

Министрлер кабинетинин 2-ноябрдагы “КР аймактарында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында көмүрдүн жогорку баалары белгиленди. Бул тууралуу Монополияга каршы агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Стационардык пункттарда жана отун базаларында, ошондой жергиликтүү администрациялар тарабынан атайын бөлүнгөн жайларда сатылуучу Кыргызстанда чыккан көмүрдүн бааларынын жогорку чеги облустар, райондор, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленди:

  • Бишкек шаарында жана Чүй облусунда – тоннасы 4000 сомдон.
  • Нарын облусунда – тоннасы 2200дөн (Жумгал району) 4000 сомго чейин.
  • Ош облусунда – тоннасы 4000 сомдон 6500 сомго чейин.
  • Жалал-Абад облусунда – тоннасы 4000 сомдон 6000 сомго чейин.
  • Ысык-Көл облусунда – тоннасы 3600 сомдон 5500 сомго чейин.
  • Талас облусунда – тоннасы 6300 сомдон 6800 сомго чейин.
  • Баткен облусунда – тоннасы 4000 сомдон 8000 сомго чейин.

Ошондой эле, учурда Монополияга каршы мамлекеттик орган Казакстандан ташылып келүүчү көмүрдүн баасынын максималдуу чегин тактоо боюнча иш жүргүзүп жатканы маалым болду.

Тактай кетсек, облустарда жана райондордо көмүр бул тизмеде көрсөтүлгөн баалардан өйдө сатылбашы керек:

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media