Кыргызстанда эки күн электр энергиясы чектөө менен берилет - Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегаты ишке киргизилүүдө

Кыргызстанда эки күн электр энергиясы чектөө менен берилет - Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегаты ишке киргизилүүдө

Кыргызстанда 10-11-ноябрда өлкө боюнча электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилет, бирок бир сааттан ашык эмес, эртең мененки жана кечки убакта. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында «Электр станциялары» ААКнын башкы директору Айбек Айдаралиев билдирди.

Айдаралиев чектөөлөр 11-ноябрда Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эртелете ишке киргизүү менен байланыштуу деп түшүндүрдү.

«Агрегатты 15-ноябрда ишке киргизмекпиз. Бирок сууктан улам ишти тездетип, N2 гидроагрегатты 11-ноябрда ишке берүү чечими кабыл алынган. Буга байланыштуу керектөө күчөгөн таңкы жана кечки сааттарда электр энергиясын берүүгө чектөөлөр киргизилет. Бирок кыска убакытка гана. Бул чектөөлөр жаңы гидромеханикалык жабдууларды сыноо процесси менен байланыштуу. 11-ноябрдан кийин баары кадимкидей иштейт», – деди Айбек Айдаралиев.

Ноябрь айынын аягында Токтогул ГЭСинин N4 гидроагрегатын ишке киргизүү пландалып жатканын Айдаралиев кошумчалай кетти. Бул мезгилде да электр энергиясын берүү чектелиши мүмкүн.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкөдө массалык түрдө электр жарыгын өчүрүү катталган эле.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдан гранттык жардамдын негизинде 370 атайын техника алынат

Кытайдан гранттык жардамдын негизинде 370 атайын техника алынат

4-августта МинКаб төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине машиналарды жана жабдууларды жеткирүү боюнча долбоорду тышкы ишке ашыруу келишимине кол коюлду. Бул тууралуу аталган министрликтен

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Эмгек министрлиги 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында кызматкерлерге төлөнбөй калган 4 млн 408 миң 972 сом айлык акысын кайтарып алуусуна көмөктөштү. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде өндүрүлгөн сумма 7 млн 199 миң 869 сомду түзгөн. Быйыл бул көрсөткүч 2 млн 790 миң 896 сомго же 38,8%га азайган.

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жакынкы жылдары Ысык-Көл облусунда жолдорду масштабдуу оңдоо пландалып жатканын билдирди.  “Өзүңүздөр көрүп тургандай, Балбай айылына чейинки жолду оңдоо иштери дээрлик аяктады. Андан ары Балбайдан Караколго, андан кийин Барскоонго жана Балыкчыга чейинки тилкени оңдоо иштери уланат. Ысык-Көлдөгү айланма жолду оңдоо иштери эки-үч жылдын

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Башкы прокуратура бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, текшерүүдө медициналык документтерге жана "Гемодиализ" автоматташтырылган маалыматтык тутумуна анык эмес маалыматтар киргизилгени аныкталган. Тактап айтканда, Кыргызстандан тышкары жүргөн жана каза болгон бейтаптарга гемодиализ жүргүзүлгөнү тууралуу маалыматтар катталган. Техникалык жактан мүмкүн болбогонуна карабастан