Кыргызстандын эмгек рыногунда кандай негизги үч көйгөй бар?

Кыргызстандын эмгек рыногунда кандай негизги үч көйгөй бар?

Өз маалыматтарынын негизинде жумуш издөө жана жалдоо боюнча HeadHunter Кыргызстан онлайн-платформасы эмгек рыногундагы үч негизги көйгөйдү аныктады.

Талапкерлердин арасында талап кылынган квалификациянын жоктугу

Учурда эмгек рыногунда квалификациялуу адистердин кескин жетишсиздиги байкалууда.

Биринчи кезекте орто же орто атайын билими бар квалификациялуу жумушчулар жана жогорку техникалык билими бар квалификациялуу адистер жетишпейт.

Көп учурда бош орундар боюнча талап кылынган жөндөмү жок адистер кайрылышат. Бул интервью этабында же ишке киргенде ачыкка чыгат. Бул, өз кезегинде, аткарылган жумуштун сапатына таасирин тийгизип, кийинчерээк айдалууга алып келиши мүмкүн.

Болгондо да көбүнчө жетекчилик кызматтарга талапкерлер – уюм жетекчиси (башкы директор, башкаруучу директор, филиалдын директору, компаниянын президенти) же анын орун басары болом дегендердин квалификациясы жетишсиз экени белгиленет.

Талапкерлер күткөн эмгек акысы компания сунуш кыла алган айлыкка дал келбейт

Талапкерлердин ойлогон суммасы вакансиялардагы сунуштардан бир жарым эсе жогору болуп чыккан учурлар бар.

“Биз талапкерлерге кандай эмгек акысын кааларын жазуудан мурда аларды рынок менен салыштырып, өз компетенцияларына кылдаттык менен баа берүүнү сунуштайбыз”, – дейт компания.

Ал эми жумуш берүүчүлөргө болсо, потенциалдуу кызматкерлер үчүн жагымдуу көрүнүү үчүн жыл сайын айлык акы боюнча изилдөө жүргүзүп туруу сунушталат.

Бардык ишкердик активдүүлүктүн Бишкекте топтолушу

Учурда бардык бош орундардын 80%дан ашыгы Бишкек шаарында топтолгон. Анткени баары шаарга көчүп, ири жана орто бизнестин башкы кеңселери негизинен борбордо жайгашкан. Бул өз кезегинде өлкөдөгү ички миграцияны күчөтөт.

Нeadhunter.kg-де жумуш издөөчүлөрүнүн 81%ы Бишкектен иш издешет. Региондорду өнүктүрүү боюнча чаралар комплекстүү кабыл алынбаса, аймактык диспропорциялар көйгөйү дагы курчушу мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media