«Түтүн көйгөйү табигый көрүнүш эмес, бул бийликтин конкреттүү саясаты» - Бермет Борубаева

«Түтүн көйгөйү табигый көрүнүш эмес, бул бийликтин конкреттүү саясаты» - Бермет Борубаева

«Түтүн көйгөйү табигый көрүнүш эмес, бул бийликтин конкреттүү саясаты, ал КР Конституциясына ылайык жарандарды таза аба жана экология менен камсыз кылууга тийиш», – деп #BishkekSmog демилгесинин активисти Бермет Борубаева 2-ноябрда Economist.kg уюштурган “Бишкек түтүн каптаган дагы бир кышка даярбы” деген темада тегерек столдо оюн айтты.

«Мен кечээ таштанды полигонуна барып келдим. Ал жерге текстиль калдыктарын камаздар тонналап төгүп жатышат. Анын баары синтетика, күйгөндө ачуу кара түтүн менен тутанып, уулуу заттарды бөлүп чыгарат. Тигүү өндүрүшүнүн калдыктары такыр башка жол менен жок кылынышы керек, муну мамлекет көзөмөлгө алышы керек», – деди Борубаева.

Активист ошондой эле жерди пайдалануу маселеси курч маселе экенин белгиледи.

«Мэрия курулушка таптакыр арналбаган жер тилкелерине үй курууга уруксат берип жатат. Учурдагы жаңы курулган үйлөр каптаган жерлер мурда айыл чарба максаттарына арналган жайыт болчу. Бирок бийлик көз жумуп, жерлерди өзгөртүүнү улантып жатат», – деп кошумчалады ал.

Сөзүнүн аягында Борубаева ошондой эле Бишкекти көптөгөн уулуу өндүрүштөр жана заводдор курчаганын, алар айлана-чөйрөнү тез булгап жатканын баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media