Doscredobank Баткенде каза болгон прапорщиктин үй-бүлөсүнө батир тапшырды

Doscredobank Баткенде каза болгон прапорщиктин үй-бүлөсүнө батир тапшырды

Doscredobank Баткендеги чек ара кызматында кызмат өтөп жүрүп курман болгон прапорщик Кулатбек Абдисамат уулунун үй-бүлөсүнө жардам иретинде Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батир тапшырды. 

Кулатбек Абдисамат уулу кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалда эрдик көрсөтүп курман болгон, анын артында жубайы беш баласы менен калды. 

Маркумдун жубайы ал WhatsApp аркылуу сүрөт жана кыска гана билдирүү жибергенин айтат: 

“Ал алагды кылбагыла деп аудиобилдирүү жиберген. Андан кийин биз сарсанаа болуп кайра-кайра байланышууга аракет кылдык, бирок жооп болгон жок. Анан мен “Башталдыбы?”, деп жаздым, ал баары жайында экенин жазды. Андан кийинки жазган билдирүүлөрүм ачылып окулган да жок”,- деп эскерди маркумдун жубайы. 

Мындан мурун Кулатбек айылдын WhatsApp’тагы тайпасына маалымат жиберип, калктын коопсуз жайга эвакуация болушуна жардам берген. Кулатбек беш жоокер менен чогуу тоодогу жаңжал орун алып жаткан аймактын так борборундагы позициялардын биринде турушкан. 

Doscredobank Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу чыр-чатактан жабыркагандарга терең кайгыруу менен көңүл айтат. 

“Ушундай зарыл болуп турган кырдаалда өз учурунда жардам көрсөткөн Банкка ыраазычылык билдирем”,- деди маркумдун жубайы. 

Буга чейин Банктын кызматкерлери тарабынан акчалай жардам көрсөтүлүп жана Баткен, Ош облустарынын жашоочуларына гуманитардык жардам берилген.

Шилтеме:

Баткен жана Ош облустарында орун алган куралдуу чыр-чатактан жабыр тарткан кардарларды колдоо максатында, ошондой эле КРУБнын № 2022-П-12/62- (НПА) номерлүү “Коммерциялык банктардын, банктык эмес жана адистештирилген каржы-насыя уюмдарынын   Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу чыр-чатактан жабыркаган кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, “Дос-Кредобанк” ААКы жабыр тарткан кардарлардан келип түшкөн кайрылуулардын бардыгын карап чыкмакчы. Кененирээк маалымат алуу үчүн “Дос-Кредобанктын” бөлүмдөрүнө кайрыла аласыздар, ал эми иштөө мөөнөтү боюнча маалымат менен www.dcb.kg таанышсаңыздар болот. (0225 00 86 86) WhatsАpp номерине же Банктын office@doscredobank.kg электрондук дарегине электрондук каттарды (сканерленген документтерди дагы) жиберсеңиздер болот.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз