2024-жылдан баштап мамкызматта иштеген аялдар 60 жаштан пенсияга чыгышат

2024-жылдан баштап мамкызматта иштеген аялдар 60 жаштан пенсияга чыгышат

Социалдык фонд мамлекеттик кызматта иштеген аялдардын пенсияга чыгуу жашын акырындык менен жогорулатууну пландоодо. Депутаттар тиешелүү долбоорду карап жатышат.

Ошентип, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматта иштеген аялдардын пенсияга чыгуу курагын белгилөө сунушталууда:

  • 59 жаш – 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин
  • 60 жаш – 2024-жылдын 1-январынан баштап.

Долбоордун негиздемесинде өзгөртүүлөр аялдардын экономикалык ишмердүүлүгүн узартуу жана татыктуу пенсия менен камсыз кылуу максатында сунушталып жатканы айтылат.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген кызматкердин жогорку жаш курагы 65 жашты түзөт. Ошол эле учурда мамлекеттик кызматкерлер пенсияга чыккандан кийин дагы ишин улантып, өз иштерине активдүү катышууда.

Соцфонд кызматка дайындалганда аялдардын пенсиясынын орточо өлчөмү эркектердикинен 11%га төмөн болорун жана 3249 сомду түзөрүн, бул эмгек акынын жана иштеген жылдарынын аздыгы менен түшүндүрүлөрүн, ошондуктан пенсия курагына жеткен көптөгөн аялдар ишин улантарын белгиледи.

Ошондой эле пенсия алуучулардын 71% аялдар экени белгиленген. Мындай жогорку гендердик дисбаланс жашоонун узактыгы жана аялдардын пенсия курагынын төмөндөшү менен гана эмес, ошондой эле эрте пенсияга чыгуу үчүн көптөгөн жеңилдиктер менен да түзүлөт. Ошентип дайындоодо жөлөкпул алуучулардын пенсияларынын өлчөмү республикадагы орточо пенсиянын 63%ын гана түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 476 миңден ашуун адам жөлөк пул алат

Кыргызстанда 476 миңден ашуун адам жөлөк пул алат

Республика боюнча 476 миңден ашык жаран жөлөк пул жана компенсация менен камсыз болууда. Бул тууралуу Эмгек министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Пекинде өтүп жаткан Жакырчылыкты кыскартуу жана өнүгүү боюнча Глобалдык форумда билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө 1,5 миллионго жакын адам социалдык кызматтарды пайдаланат. Ошондой эле 590 миңден ашуун

Өсүмдүктөрдүн карантин лабораториялары 4 айда 1,3 млн сом тапты

Өсүмдүктөрдүн карантин лабораториялары 4 айда 1,3 млн сом тапты

Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларга жалпы 7965 үлгү түшүп, 18 848 экспертиза жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, лабораторияларга импорттук продукциялардан 5559, экспорттук продукциялардан 1767 үлгү кабыл алынган. Мындан тышкары, изилдөө иштеринен 379 жана жарандардын кайрылуулары

Кыргызстан эл аралык издөөдөгү жаранды Францияга өткөрүп берди

Кыргызстан эл аралык издөөдөгү жаранды Францияга өткөрүп берди

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, экстрадиция Бириккен Улуттар Уюмунун Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы конвенциясынын алкагында жана эл аралык милдеттенмелердин негизинде ишке ашырылды. Франциянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, аталган жаран кылмыштуу топтун курамында чет өлкөлүк жарандардын Францияга жана Шенген аймагындагы айрым мамлекеттерге мыйзамсыз кирүүсүнө көмөктөшүүгө шектелүүдө. Экстрадиция Башкы прокуратура менен Интерполдун Кыргызстандагы

Айтматов райондук электр тармагы 47 жылдан кийин жаңыланууда

Айтматов райондук электр тармагы 47 жылдан кийин жаңыланууда

Талас электр тармактар ишканасына караштуу Айтматов райондук электр тармагынын административдик имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда оңдоо иштеринин 60 пайызы аяктады. Имарат заманбап стилде жаңыланып, ички жана тышкы бөлүктөрү толук оңдолууда. Капиталдык оңдоонун алкагында чатыр алмаштырылып, эшик-терезелер жаңыртылып, инженердик коммуникациялар, жылытуу жана электр