«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 8.8 млрд сом төктү

«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 8.8 млрд сом төктү

Жерүй кенин иштетип жаткан “Альянс Алтын” компаниясы ноябрь айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 8.8 млрд сом салык төлөсө, анын 5.8 млрд сому алтынды сатуудан түшкөн каражаттан берилген. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат.

“Альянс Алтын” ишканасы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө 615 млн 199 миң сом төлөгөн, анын ичинде:

  • Талас облусун өнүктүрүү фонду – 307 млн 599 миң сом
  • Талас районунун өнүктүрүү фонду – 184 млн 559 миң сом
  • Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду – 123 млн 39 миң сом.

Октябрга карата компанияда 778 кызматкер иштейт, анын ичинде:

  • башка аймактардан – 185 кызматкер (27%)
  • Талас районунан – 494 кызматкер (73%), анын ичинен Бекмолдоев айыл өкмөтүнөн – 201 кызматкер (Талас районунан кызматкерлердин жалпы санынын 41%).

Ошондой эле компания Талас районунун 361 жашоочусун окутуп, натыйжада, кабыл алуу комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча 2022-жылдын октябрь айына карата алардын ичинен 207 адам «Альянс Алтын» ЖЧКсына жумушка орношкон.

Өндүрүштүк керектөөлөр үчүн пайдаланылган жер үстүндөгү суулар үчүн төлөмдү чогултуу боюнча эсептөөлөр жүргүзүлдү. 2022-жылдын октябрына карата чогултулган каражат 13.127 млн сомдон ашты. Компаниянын маалыматы боюнча, жакын арада бул сумма республиканын бюджетине которулат.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Эмгек министрлиги 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында кызматкерлерге төлөнбөй калган 4 млн 408 миң 972 сом айлык акысын кайтарып алуусуна көмөктөштү. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде өндүрүлгөн сумма 7 млн 199 миң 869 сомду түзгөн. Быйыл бул көрсөткүч 2 млн 790 миң 896 сомго же 38,8%га азайган.

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жакынкы жылдары Ысык-Көл облусунда жолдорду масштабдуу оңдоо пландалып жатканын билдирди.  “Өзүңүздөр көрүп тургандай, Балбай айылына чейинки жолду оңдоо иштери дээрлик аяктады. Андан ары Балбайдан Караколго, андан кийин Барскоонго жана Балыкчыга чейинки тилкени оңдоо иштери уланат. Ысык-Көлдөгү айланма жолду оңдоо иштери эки-үч жылдын

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Башкы прокуратура бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, текшерүүдө медициналык документтерге жана "Гемодиализ" автоматташтырылган маалыматтык тутумуна анык эмес маалыматтар киргизилгени аныкталган. Тактап айтканда, Кыргызстандан тышкары жүргөн жана каза болгон бейтаптарга гемодиализ жүргүзүлгөнү тууралуу маалыматтар катталган. Техникалык жактан мүмкүн болбогонуна карабастан

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкү салыктарды төлөө зарыл: ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгы; үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгы. 2026-жылы төлөнүүгө тийиш