Англияга сезондук жумуштарга баруу үчүн суроолоруңузду берсеңиз болот - call-борбор иштейт

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору акысыз сурап-билүү телефонун ишке киргизип жатканын билдирди.

Аталган call-борбордон Улуу Британиянын Айыл чарба сезондук жумуштарынын мамлекеттик программасынын алкагында миграция маселелери боюнча акысыз түз байланышып, суроолорго жооп алууга болот. Ишеним телефону бардык каалоочулар үчүн керектүү маалыматты тактоого жеткиликтүү.

Жеткиликтүү ишеним телефону:

  • Онлайн форматта WhatsApp, Telegram
  • телефон аркылуу: +996 220 230 064.

“AGRI-HR ишке орноштуруу программасы боюнча жалгыз расмий оператор болуп саналат. Алдамчыларга чалынып калуудан сак болуңуз”, – дейт Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды