Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Дүйшөмбүдө протоколго кол коюлду

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмеси өттү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Тажикстан Республикасынын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимовдун төрагалыгы астында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында КРнын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги кеңешмеси болуп өттү.  

“Кеңешменини жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду. Тараптар кийинки кеңешмени КРнын аймагында өткөрүүнү макулдашышты”, – деп айтылат маалыматта. 

Минкабдын маалымат кызматы жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү манаайында өткөнүн белгиледи.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды