Ушул сааттарда Жогорку Кеңештин комитети Кемпир-Абад боюнча макулдашуу долбоорун карап жатат
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кемпир-Абад боюнча макулдашуунун долбоору карала баштады.
Белгилей кетсек, кечээ 14-ноябрда Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациялаган. Аны бир эле учурда үч окууда 100дөн ашык депутат колдоп берген.
Парламент жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов чек ара кылдаттык менен ченелип, өкмөттөр аралык жолугушуулар өтүп, архивдик документтер каралып жатканын айткан.
Бүгүн болсо Кыргызстанда ушул сааттарда тиешелүү комитетте чек ара боюнча макулдашуунун долбоору каралууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу