35 млн сом боюнча кылмыш иши козголгон «Кыргызкөмүрдүн» мурдагы директору Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

Мирлан Жакыпов Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин «Кыргызкөмүр» МИнин директору болчу.

Эскерте кетсек, Жакыпов «Кыргызкөмүрдүн» директору болуп турган учурунда 2016-жылы ага карата 4 берене боюнча кылмыш иши козголуп, премьер-министрдин 2016-жылдын 17-январындагы буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулуп, кийин кайрадан аталган ишкананын директорлук кызматына отурган.

Анда Жакыповго мамлекетке 35 млн сомдук зыян келтирген деген финансылык мыйзам бузуу боюнча айып тагылган.


Белгилей кетсек, 24-октябрда дайындалган Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков да “Теңир-Тоо Энерго” ЖЧК,  “Каскад ГЭС” ЖЧК, “Энерго-Security”, “Энерготранзит“, “Ак-Сай Голд Компани” ЖЧК деп аталган 5 компанияга ээлик кылат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды