Брюссель шаарында КР менен Европа Биримдигинин 19-жыйыны өттү

Брюссель шаарында КР менен Европа Биримдигинин 19-жыйыны өттү

Кечээ 15-ноябрда Брюссель шаарында КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КР менен Европа Биримдигинин ортосундагы Кызматташтык кеңешинин 19-жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Еврокомиссиянын, Европанын тышкы иш-аракет кызматынын жана Евробиримдикке Чехиянын төрагалыгынын өкүлдөрүнөн турган европалык делегацияны Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский жетектеди.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу, аймактык жана эл аралык мүнөздөгү маселелердин кеңири тизмеси каралды.

Кыргызстан менен Евробиримдик 2021-2024-жылдарга 62 млн еврону түзгөн Көп жылдык индикативдик программанын алкагында Европа Биримдигинин каржылык колдоо пакетин ишке ашырууда жакшы динамиканы белгилешти. Кызматташтыктын үч артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу боюнча макулдашышты: санариптик трансформация, билим берүү, жашыл жана туруктуу экономика”, – деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун катышуучулары экономикалык, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук үчүн заманбап чакырыктарды жеңүү үчүн эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.Соода мамилелерин чыңдоо максатында, преференциялардын жалпыланган схемасын колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана колдонуу мөөнөтүн узартуу жолдору каралды.

Делегациялар ошондой эле КРда жана Европа Биримдигинде адам укуктарын жана эркиндиктерин илгерилетүү маселелерин талкуулашты. Массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыз кылуу практикасы, фейк жана кастык сөздөр менен күрөшүү боюнча пикир жана маалымат алмашышты. Жыйынтыгында тараптар саясий байланыштарды жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ачык диалогду жогорку деңгээлде улантууга макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Эмгек министрлиги 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында кызматкерлерге төлөнбөй калган 4 млн 408 миң 972 сом айлык акысын кайтарып алуусуна көмөктөштү. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде өндүрүлгөн сумма 7 млн 199 миң 869 сомду түзгөн. Быйыл бул көрсөткүч 2 млн 790 миң 896 сомго же 38,8%га азайган.

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жакынкы жылдары Ысык-Көл облусунда жолдорду масштабдуу оңдоо пландалып жатканын билдирди.  “Өзүңүздөр көрүп тургандай, Балбай айылына чейинки жолду оңдоо иштери дээрлик аяктады. Андан ары Балбайдан Караколго, андан кийин Барскоонго жана Балыкчыга чейинки тилкени оңдоо иштери уланат. Ысык-Көлдөгү айланма жолду оңдоо иштери эки-үч жылдын

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Башкы прокуратура бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, текшерүүдө медициналык документтерге жана "Гемодиализ" автоматташтырылган маалыматтык тутумуна анык эмес маалыматтар киргизилгени аныкталган. Тактап айтканда, Кыргызстандан тышкары жүргөн жана каза болгон бейтаптарга гемодиализ жүргүзүлгөнү тууралуу маалыматтар катталган. Техникалык жактан мүмкүн болбогонуна карабастан

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкү салыктарды төлөө зарыл: ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгы; үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгы. 2026-жылы төлөнүүгө тийиш