Күз-кыш мезгилин өтүүгө Бишкек ЖЭБине жалпысынан 1.5 млн тонна көмүр керектелет

Бишкек ЖЭБине жалпысынан 1.5 млн тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу «Электр станциялар» ААКнын башкы директору Айбек Айдаралиев тармактын комитеттин көчмө жыйынында билдирди.

Айдаралиев Бишкек ЖЭБинин күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча учурдагы абалды туруктуу деп мүнөздөдү. Анын айтымында, Бишкек ЖЭБине жалпысынан 1.5 млн тонна көмүр керектелет, анын ичинен 400 миң тоннасы импорттук көмүр, 1 млн 100 миң тоннасы кыргыз көмүр, анын 1 млн 50 миңи Кара-Кече кенинен, 50 миңи Таш-Көмүр кенинен алып келинет.

«Бүгүнкү күндө ЖЭБге пландалган 353.1 миң тоннадан 275.3 миң тонна көмүр келип түштү. ЖЭБдин отканаларында күн сайын 7 миң 600 тоннага жакын көмүр жагылат», – деген Айдаралиев отказандык жабдууларды жана жылуулук тармактарын оңдоо иштери аяктагандыгын ырастады.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бул жылы Кара-Кече көмүрүнө артыкчылык берилерин жана ал жерден быйыл 1.5 млн тонна көмүр казуу пландалып жатканын билдирген болчу.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды