Улуттук банк суроо-талапты кандыруу үчүн валюта рыногуна 55.2 млн доллар сатты

Улуттук банк кечээ, 16-ноябрда долларга болгон суроо-талапты канааттандыруу үчүн тескери интервенция жүргүзүп, валюта базарына 55.2 млн доллар сатты. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды.

Белгилүү болгондой, валютанын бир бөлүгү – 3.5 млн доллар бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен сатылган. Калган 51.7 млн доллар башка күндөгү эсептешүү менен сатылат.

Бул доллар сатуу боюнча быйылкынын эсебинен алтынчы интервенция болуп саналат. Ушундай эле бүтүмдөр 12-27-январда, 24-февралда, ошондой эле 4-10-мартта болгон.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда валюталык каатчылык орун алууда. Өткөн жуманын аягында Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайлардын дээрлик баарында доллар түгөнүп калган.

Ошол эле учурда долларды сатып алуу боюнча жети интервенция жүргүзүлгөн. Эң чоңу – 59.15 млн долларга сатып алуу 24-июнда болгон.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды