Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар

Кыргызстанда сатып алган товарларга смартфон аркылуу төлөөгө мүмкүндүк берген Google Pay кызматы ишке кирди. Бир нече коммерциялык банктарда бул функция пайда болду. Economist.kg Google Pay функциясы бар банктардын тизмесин сунуштайт.

Google Pay – бул сатып алуулар үчүн тез жана ыңгайлуу төлөөгө мүмкүндүк берген сервис. Бул дүкөндөрдө, коомдук транспортто, ошондой эле тиркемелерде жана веб-сайттарда кызматты же акыны төлөө үчүн мобилдик телефонуңузду колдонууга мүмкүндүк берет.

Кызматты колдонуу үчүн NFC модулу бар Android смартфонуна ээ болуу жана ага картаны шилтемелөө керек. Төлөө үчүн, мобилдик аспап арткы панелден контактсыз терминалга жакындатылат.

Google Pay фукнциясы бар банктар:

  • «Халык банк»
  • «Кыргызстан»
  • «Керемет»
  • «Бай-Түшүм»
  • «Бакай»
  • «РСК»

Белгилей кетсек, iOS негизиндеги смартфондордуна дагы Apple Pay каралган. Аны банктар туташтырабы жана кайсы убакта туташтырат ал азырынча айтыла элек.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды