Журналист Болот Темировду ондогон адам аэропортто кармап турушат

Болот Темировду “Манас” аэропортунун милиция бөлүмүнөн жарандык кийимчен 10 чакты адам алып чыгышкан. Бул тууралуу “Клооп” билдирди.

Буга чейин укук коргоо кызматкерлери Темировдун жактоочуларына анын жок экенин билдиришкен. Ошондой эле Темировдун адвокаты аны таппай жатканын айткан эле.

“Темировду азыр Москвага жакынкы рейс менен депортациялаш үчүн бажы көзөмөлүнө алып баратышы мүмкүн”, – дейт аталган портал.

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировго карата райондук соттун чечимине ылайык, прокуратуранын арызын карады. Сот журналистти Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Чечим жарыялангандан кийин Темиров күч менен сот залынан чыгарылган. Адвокаттарга журналистти кайсы жака алпарары тууралуу маалымат беришкен эмес.

Темиров буга чейин бийлик өкүлдөрүнүн бизнестерин, саясатын иликтеген материалдарын чыгарып келген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды