Келерки жылда мамлекеттик кызматкерлерге кеткен чыгым 40 млрд сомго көбөйөт

Келерки жылда мамлекеттик кызматкерлерге кеткен чыгым 40 млрд сомго көбөйөт

Келерки жылы мамлекеттик кызматтардын жалпы бюджеттик чыгашалары 111.2 млрд сомдон ашат. Быйылкы жылга салыштырмалуу чыгымдар 40.1 млрд сомго көбөйөт. Бул тууралуу 2023-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорунда жазылган.

Алсак, бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгашалар 39.5 млрд сомго көбөйүп, жалпысынан 109.3 млрд сомду түзөт. Калган каражат атайын эсептен – 1.8 млрд сом (650 млн сомго көбөйөт) бөлүнөт. Мамлекеттик кызматкерлерге кеткен чыгашалар 2023-жылга карата республикалык бюджеттин жалпы чыгашасынын 29.1%ын жана ИДПнын 12%ын түзөт.

Көбөйгөн чыгымдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга, Социалдык фондду, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун каржылоого, трансферттерди теңдештирүүгө, мамлекеттик карызды тейлөөгө каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан экспортко багытталган үрөнчүлүктү өнүктүрүүдө

Кыргызстан экспортко багытталган үрөнчүлүктү өнүктүрүүдө

Күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев “Кыргыз Агрохолдинг” ААКсына караштуу “Элита” асыл тукум чарбасында болуп, агрардык долбоорлор жана “KVS” үрөн кооперативинин ишмердиги менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө үрөнчүлүк багыты, атайын техникалар, жер тилкелери жана экспортко багытталган жашылча

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күндүк артка санак башталды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күндүк артка санак башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата артка санактын башталышын салтанаттуу түрдө жарыялады. Ал өз сөзүндө быйылкы көчмөндөр оюндары 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө башталарын белгиледи. Улан Маматканов Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу менен ата-бабалардан калган улуттук спорттук оюндарды жандандырып, көчмөн элдердин маданиятын дүйнөгө таанытып

Бишкекте медициналык шаарча курууда Франциянын тажрыйбасы колдонулат

Бишкекте медициналык шаарча курууда Франциянын тажрыйбасы колдонулат

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жетектеген кыргыз делегациясы Франциянын Нант шаарында курулуп жаткан заманбап медициналык шаарчанын долбоору менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, кыргыз тарапка жалпы аянты 130 миң чарчы метрге жакын көп тармактуу медициналык комплекс көрсөтүлдү. Анда 2400 орундуу күнү-түнү иштей турган стационар жана 500 орундуу күндүзгү стационар каралган. Медициналык

Кара-Кулжада дагы бир спорт зал ачылды

Кара-Кулжада дагы бир спорт зал ачылды

Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылында жаңы заманбап спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, спорт объектисинин курулушуна республикалык бюджеттен 25,4 миллион сом бөлүнгөн. Ачылыш аземинде президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев жаңы спорт зал райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаштар арасында спортту жайылтууга чоң салым