КР аскердик товарлардын экспортун көзөмөлдөөнү көздөөдө

Мамлекет экспорттолгон аскердик продукцияны көзөмөлдөөнү көздөөдө. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алыны. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мыйзамсыз продукцияны колдонуудагы зыяндын тобокелдигин азайтат. Ошондой эле норма экономиканын жарандык секторлорунда гана эмес, аскердик максаттардын алкагында да колдонула турган товарларга карата экспорттук контроль жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга жардам берет.

Иликтенген материалдарга таянсак, Кыргызстан Россияга 10 млн сомдук куралдардын мээлөө дүрбүлөрүн экспорттогон. Экспорт 2021-жылга салыштырмалуу 7 эсеге өскөн – былтыр 1.3 млн сомго 41 аспап экспорттолгон (бир гана Россияга). 2020-жылы бул топтогу товарлардын экспорту нөлгө барабар болчу.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстанды санкцияланган товарларды Россияга киргизиши мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмесине киргизген эле.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды

"Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды