Бийлик бир жылдан бери мал чарбачыларга жеңилдетилген кредиттер жөнүндө айтып келет – бирок акча бере элек

Бийлик бир жылдан бери мал чарбачыларга жеңилдетилген кредиттер жөнүндө айтып келет – бирок акча бере элек

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кошумча каражат – 17 млн доллар бөлгөн. Бул тууралуу өкмөт мал чарбачыларга жыл башынан бери айтып келе жатат, бирок акча бере элек.

Финансы мининстрлигинин айтымында, учурда Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы потенциалдуу бенефициарлар – фермерлер менен жолугушуулар өтүп, долбоордун шарттары тууралуу маалымат таратылып жатат.

Ноябрдын башында Финмин Дүйнөлүк банктын делегациясы менен кошумча каржылоо долбоорун ишке ашыруу боюнча жолугушуу өткөргөнүн айткан эле. Ал 2022-жылдын башынан бери ишке ашырылып келет. Бирок мал чарбачыларга ал программа боюнча каражат берилгендиги жөнүндө маалымат чыга элек.

Программанын буга чейинки фазасынын алкагында 2044 фермер Ысык-Көл облусунда сүт өндүрүү боюнча долбоорлорго 2 млн доллардан ашык каражат алган.

Белгилей кетсек, кошумча каржылоонун жарымы грант, калган жарымы 0.75% үстөк жана алты жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 38 жылга берилген кредит.

Программанын алкагында 10 млн доллар микрокредиттердин айлануу фондусу аркылуу фермерлерге 1500 долларга чейинки насыяларды берүүгө багытталат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media