Чиновниктердин кварталдык сыйлыктары кыскартылат, бирок 13-айлыгы жана эки айлыктык эмгек өргүүсү калат

Чиновниктердин кварталдык сыйлыктары кыскартылат, бирок 13-айлыгы жана эки айлыктык эмгек өргүүсү калат

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров кечээ, 24-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында кварталдын жыйынтыгы боюнча чиновниктерге берилүүчү сыйлыктар кыскартылганын билдирди.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы 2023-жылы мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүү планда жок экенин билдирди.

«Айлыктар көтөрүлгөнгө чейин премиялар эмгек акыны жогорулатуунун бир ыкмасы болчу. Бирок мамлекеттик кызматкерлер муну дагы бир айлык катары көрүшчү. Бирок өзү сыйлык деген жакшы эмгек үчүн гана берилиши керек. Эми мамлекеттик кызматкерлерге жылына 12 маяна, 13-айлык жана эки айлыктын өлчөмүндө эмгек өргүүсү төлөнөт», – деди Акылбек Жапаров.

Эске сала кетсек, Economist.kg буга чейин маалымдагандай, келерки жылы жалпы мамлекеттик кызматтардын бюджеттик чыгашасы 111.2 млрд сомдон ашат. Быйылкы жылга салыштырмалуу чыгымдар 40.1 млрд сомго көбөйөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media