«Элсом» китепканачылардын жана кыргыз тилчи мугалимдердин форумуна катышып, колдоо көрсөттү

«Элсом» китепканачылардын жана кыргыз тилчи мугалимдердин форумуна катышып, колдоо көрсөттү

15-ноябрда Бишкек шаарында кыргыз тил сабагынын мугалимдеринин жана Кыргызстан китепканачыларынын форуму болуп өттү. Форумдун негизги милдети – билим берүү программаларынын алкагында эне тилдин байлыгын жана маанисин кийинки муундарга жеткирүү экендиги айтылды.

Форум ошондой эле мектеп китепканаларын модернизациялоого арналган бир катар илимий-методикалык иш-чаралардын бөлүгү болуп саналат.

Бул форумда ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин «Жаңы китеп» мекемеси Мектеп китепканачысынын күнүнө карата уюштурулган чыгармачылык сынагынын финалисттерин жана жеңүүчүлөрүн сыйлады. Бул сынактын максаты инновацияларга дем берүү, китепканалардын ишинде инновациялык технологияларды активдүү колдонууга түрткү берүү болду.

“Элсом” электрондук капчыгы иш-чаранын өнөктөшү болуп, бул сынактын финалисттерине жана жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктарды тапшырды.

Форумга өлкөнүн бардык аймактарынан 200дөн ашык адам – райондук жана шаардык билим берүү органдарынын, мектеп китепканаларынын өкүлдөрү, коомдук китепканалардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media