Кыргызстанда 2023-жылы жогорку сапаттагы «Евро-5» бензинин чыгаруучу завод курулат

Кыргызстанда 2023-жылы жогорку сапаттагы «Евро-5» бензинин чыгаруучу завод курулат

Кыргызстанда 2023-жылы “Евро-5” үлгүсүндөгү сапаттуу бензин чыгаруучу завод курулат. Бул тууралуу кечээ, 24-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Талкууда депутат Ырысбек Атажанов Кадамжай районундагы Бүргөндү газ сактагычтагы жаткан мунай толугу менен Кыргызстанга өткөндүктөн, алар менен качан иш башталарын сурады.

«Биз «Кыргызнефтегаз» ААК мамлекеттик ишканасын түздүк, сактагыч анын балансына өткөрүлүп берилди. Биз Өзбекстандан бизге техникалык паспорт берүүсүн суранабыз, ошолор менен бирге иштеп чыгабыз. Бул маселе боюнча биздин энергетика министрибиз иштеп жатат», – деди Жапаров.

Минкаб башчысы ошондой эле азыркы учурда «Кыргызнефтегаз» ишканасы модернизацияланып, арабдар менен биргеликте бизнес-план бүткөрүлүп жатканын белгиледи.

«Кийинки жылы “Евро-5” үлгүсүндөгү 500 миң тонна бензин чыгара турган газ заводун куралы деп жатабыз», – деди ал.


Эске салсак, Economist.kg басылмасы “Бишкек дагы түтүн каптаган кышка даярбы?” деген темада тегерек стол өткөргөн. «Жашыл энергия» коомдук фондунун жетекчиси Анара Султангазиева автотранспорттор шаарды булгаган негизги факторлордун бири экенин айткан.

“Биз ЕАЭБдин ичинде азыркыга чейин сапатсыз К2, К3 бензиндерин колдонуп жана өндүрүп келе жаткан жападан жалгыз өлкөбүз. Ал белгилегендей, Европада болсо эчак эле “Евро-7″ бензинин колдонушат”, – деген ал.







            
                    

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media