2023-жылга Соцфонддун чыгашалары 87.5 млрд сомду түзөт

2023-жылга Соцфонддун чыгашалары 87.5 млрд  сомду түзөт

Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев тармактык комитеттин жыйынында 2023-жылга Социалдык фонддун бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 93 млрд 229 млн сом суммасында түзүлгөнүн билдирди.

Ошондой эле ал 2024-2025-жылдарга 98 млрд 453 млн сом жана 104 млрд 107 млн сом караларын айтты.

«2023-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 51 млрд 485 млн сом суммасында пландалды. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 41 млрд 356 млн сом суммасында каралган.

2023-жылга Социалдык фонддун чыгашалары 87 млрд 507 млн сом, 2024-2025-жылдарга 92 млрд 629 млн сом жана 99 млрд 177 млн сом суммасында пландалууда», – деди Алиев.

Талкуу маалында депутаттар республикада пенсиялык системаны реформалоо зарылдыгын белгилешти.

Алсак, депутат Нурлан Ражабалиев бийик тоолуу, алыскы аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин кайра карап чыгуу керектиги тууралуу сөз кылып, аны эске алуу менен пенсиянын өлчөмүн көтөрүүнү сунуштады.


Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «КРнын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана «КРнын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024–2025-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы акырындык менен жогорулай берет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымына караганда, өлкө күйүүчү-майлоочу материалдардын 90%дан ашыгын импорттойт, ошондуктан ички рынок тышкы бааларга, геосаясий кырдаалга жана транспорттук чыгымдарга түздөн-түз көз каранды. “Азырынча бааларды туруктуу кармап турабыз, бирок баары бир акырындык

"Асман" жаңы шаары: курулуш жана инвестиция тартуу багыттары белгиленди

"Асман" жаңы шаары: курулуш жана инвестиция тартуу багыттары белгиленди

4-августта Бишкекте "Асман" жаңы шаарын куруу жана өнүктүрүүгө арналган форум өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарада экологиялык жактан таза шаарды куруу долбоорун ишке ашыруу, инженердик жана транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү, ошондой эле инвестиция тартуу маселелери талкууланды. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын

Аравандын Сырт айылына 109 млн сомдук мектеп курулууда

Аравандын Сырт айылына 109 млн сомдук мектеп курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Ош облусунун Араван районунун Сырт айылында жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 109 миллион сомду түзөт. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу имарат болуп курулду.

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдар менен иш жүргүзгөн компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу президенттик админстрациядан маалымдашты. Маалыматка ылайык, отурумда негизинен өлкөгө мунай заттарын импорттоо боюнча түзүлгөн жаңы келишимдердин аткарылышы, ички жана эл аралык рыноктордо күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча түзүлүп жаткан жалпы кырдаал каралды.