Баткенде оорукана жана 2 морг курулат

Баткенде оорукана жана 2 морг курулат

Катар фонду тарабынан Баткенде оорукана жана Кызыл Жарым Ай коомунун жардамы менен Лейлек районунда бардык талаптарга жооп берген моргдор курулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрлик калкка медициналык кызмат берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, 2023-жылы жалпы республика боюнча 20 заманбап медицина мекемелерин куруу боюнча жумуштар жүрүп жатканын кабарлады.

Ошондой эле саламаттык сактоо мекемелери тез жардам автоунаалары менен камсыздалат. 2022-жылдын аягына чейин 97 автоунаа келиши күтүлүүдө, алардын 33 Баткен облусуна бөлүнөт.

“Мындан тышкары Баткен облусунун Лейлек районунда 230 керебетке ылайыкталган оорукана курулат. Оорукананын курулушу Катар фонду тарабынан каржыланат. Кызыл Жарым Ай коомунун жардамы менен Баткен шаары жана Лейлек районунда бардык талаптарга жооп берген моргдор курулат”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Башкы прокуратура бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, текшерүүдө медициналык документтерге жана "Гемодиализ" автоматташтырылган маалыматтык тутумуна анык эмес маалыматтар киргизилгени аныкталган. Тактап айтканда, Кыргызстандан тышкары жүргөн жана каза болгон бейтаптарга гемодиализ жүргүзүлгөнү тууралуу маалыматтар катталган. Техникалык жактан мүмкүн болбогонуна карабастан

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкү салыктарды төлөө зарыл: ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгы; үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгы. 2026-жылы төлөнүүгө тийиш

Өзгөндүн тургуну алма сактоочу ири борбор курууга мамлекеттик колдоо сурады

Өзгөндүн тургуну алма сактоочу ири борбор курууга мамлекеттик колдоо сурады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ош облусунун тургундарын кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Өзгөн районунун тургуну алма сактоочу ири транспорттук-логистикалык борбор куруу үчүн мамлекеттик каржылык колдоо керек экенин айтты. Маалыматка ылайык, министр бул багытта мамлекеттик

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы акырындык менен жогорулай берет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымына караганда, өлкө күйүүчү-майлоочу материалдардын 90%дан ашыгын импорттойт, ошондуктан ички рынок тышкы бааларга, геосаясий кырдаалга жана транспорттук чыгымдарга түздөн-түз көз каранды. “Азырынча бааларды туруктуу кармап турабыз, бирок баары бир акырындык