Бул жылы камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип төлөгөндөр эки эсеге өстү - Соцфонд

Бул жылы камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип төлөгөндөр эки эсеге өстү - Соцфонд

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев 2022-жылдын он айына карата камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип төлөгөндөр көп болуп жатканын билдирди.

Жыйында комитеттин мүчөсү депутат Фарход Алимжанов эмнеге 2022-жылы Соцфонддо туумдун көлөмү, тагыраак айтканда, өз убагында төлөнбөгөн, чегерилбеген камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдун көрсөткүчтөрү өсүп кеткенин сурады. Ал кабыл алынган бюджеттен эки эсеге – 50 млн сомдон 115 млн сомго өсүп кеткен.

“Бюджетте 2022-жылы 50 млн сом каралган, азыркы күндө салыкчылар 100 млн сомдон көп чогултушту. Туумдар ар бир кечиктирилген күнгө 0.1% өлчөмүндө салынат. Ал ар бир айдын 15-числосуна чейин төлөш керек, бирок бул жылы кечиккендер көп болууда”, – деди Соцфонддун өкүлү.

Депутаттын туумдан жыйналган акчага Соцфонддун кызматкерлерине үстөк айлык акылар, сый акылар берилбейби деген суроосуна фонддун өкүлдөрү ал үчүн атайын административдик башкаруу чыгымдарынан каралары тууралуу билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы акырындык менен жогорулай берет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымына караганда, өлкө күйүүчү-майлоочу материалдардын 90%дан ашыгын импорттойт, ошондуктан ички рынок тышкы бааларга, геосаясий кырдаалга жана транспорттук чыгымдарга түздөн-түз көз каранды. “Азырынча бааларды туруктуу кармап турабыз, бирок баары бир акырындык

"Асман" жаңы шаары: курулуш жана инвестиция тартуу багыттары белгиленди

"Асман" жаңы шаары: курулуш жана инвестиция тартуу багыттары белгиленди

4-августта Бишкекте "Асман" жаңы шаарын куруу жана өнүктүрүүгө арналган форум өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарада экологиялык жактан таза шаарды куруу долбоорун ишке ашыруу, инженердик жана транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү, ошондой эле инвестиция тартуу маселелери талкууланды. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын

Аравандын Сырт айылына 109 млн сомдук мектеп курулууда

Аравандын Сырт айылына 109 млн сомдук мектеп курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Ош облусунун Араван районунун Сырт айылында жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 109 миллион сомду түзөт. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу имарат болуп курулду.

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдар менен иш жүргүзгөн компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу президенттик админстрациядан маалымдашты. Маалыматка ылайык, отурумда негизинен өлкөгө мунай заттарын импорттоо боюнча түзүлгөн жаңы келишимдердин аткарылышы, ички жана эл аралык рыноктордо күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча түзүлүп жаткан жалпы кырдаал каралды.