Быйыл ирригациялык системаны калыбына келтирүүгө 731.9 млн сом жумшалды

Быйыл ирригациялык системаны калыбына келтирүүгө 731.9 млн сом жумшалды

Бүгүнкү күндө мамлекеттик суу чарба объектилерин оңдоо-калыбына келтирүү иштерине 731.9 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Депутат Алишер Эрбаев суу чарба объекттерин капиталдык оңдоого бюджеттен канча каражат каралганын сурады. Аларга каналдарды, гидротехникалык курулуштарды, насостук станцияларды, скважиналарды ж.б. тазалоо жана оңдоо кирет.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков быйылкы жылга 1 млрд сом каралганын жооп берди.

“Анын 731.9 млн сому каржыланды, калган акча жыл аягына чейин бөлүнөт. Капиталдык салымдарга 600 млн сом бөлүнгөн. Сырткы булактардан ал бир нече долбоорлорго бөлүнгөн, суммалар доллар менен көрсөтүлгөн, маалыматты кийинчерээк жазуу жүзүндө бере алам”, – деди Татиков.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы акырындык менен жогорулай берет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымына караганда, өлкө күйүүчү-майлоочу материалдардын 90%дан ашыгын импорттойт, ошондуктан ички рынок тышкы бааларга, геосаясий кырдаалга жана транспорттук чыгымдарга түздөн-түз көз каранды. “Азырынча бааларды туруктуу кармап турабыз, бирок баары бир акырындык

"Асман" жаңы шаары: курулуш жана инвестиция тартуу багыттары белгиленди

"Асман" жаңы шаары: курулуш жана инвестиция тартуу багыттары белгиленди

4-августта Бишкекте "Асман" жаңы шаарын куруу жана өнүктүрүүгө арналган форум өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарада экологиялык жактан таза шаарды куруу долбоорун ишке ашыруу, инженердик жана транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү, ошондой эле инвестиция тартуу маселелери талкууланды. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын

Аравандын Сырт айылына 109 млн сомдук мектеп курулууда

Аравандын Сырт айылына 109 млн сомдук мектеп курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Ош облусунун Араван районунун Сырт айылында жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 109 миллион сомду түзөт. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу имарат болуп курулду.

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдар менен иш жүргүзгөн компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу президенттик админстрациядан маалымдашты. Маалыматка ылайык, отурумда негизинен өлкөгө мунай заттарын импорттоо боюнча түзүлгөн жаңы келишимдердин аткарылышы, ички жана эл аралык рыноктордо күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча түзүлүп жаткан жалпы кырдаал каралды.