«Сосновка» постунда жасалма акциздик маркалары менен 4 миң бөтөлкө алкоголь кармалды

«Сосновка» постунда жасалма акциздик маркалары менен 4 миң бөтөлкө алкоголь кармалды

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек – Ош автожолундагы “Сосновка” контролдук-өткөрмө пунктунан жасалма акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияны ташып өтүү фактысын аныкташканын билдирди.

Алсак, рейддик иш-чаранын жүрүшүндө унаа токтотулуп, айдоочусунан товар коштоочу документтер талап кылынганда ал ордунан качып кетүүгө аракет кылган. Бирок Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлеринин жардамы менен унаа мажбурлап токтотулуп, айып токтотуучу жайга киргизилген.

“Унааны текшерүүдө өндүрүлүшү шек жараткан жана шектүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукциялар табылган.Бардыгы болуп 4 миң 206 бөтөлкө алкоголь тартып алынды”, – дейт Салык кызматы.

Салык кызматы өлкөнүн аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларын жасалма акциздик маркалар менен же акциздик маркасыз, ошондой эле уруксат берүүчү документтери жок ташыгандыгы үчүн ташылган товар жана аны ташыган автотранспорт кошо тартып алынарын эскертет.

Ушуга байланыштуу, ташуучуларды мыйзам ченемдерин так сактоого, ошондой эле акцизделчү товарларды ташуу үчүн бардык зарыл документтерди кошо алып жүрүүгө чакырабыз.

Мындан тышкары окуңуз

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Башкы прокуратура бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, текшерүүдө медициналык документтерге жана "Гемодиализ" автоматташтырылган маалыматтык тутумуна анык эмес маалыматтар киргизилгени аныкталган. Тактап айтканда, Кыргызстандан тышкары жүргөн жана каза болгон бейтаптарга гемодиализ жүргүзүлгөнү тууралуу маалыматтар катталган. Техникалык жактан мүмкүн болбогонуна карабастан

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкү салыктарды төлөө зарыл: ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгы; үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгы. 2026-жылы төлөнүүгө тийиш

Өзгөндүн тургуну алма сактоочу ири борбор курууга мамлекеттик колдоо сурады

Өзгөндүн тургуну алма сактоочу ири борбор курууга мамлекеттик колдоо сурады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ош облусунун тургундарын кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Өзгөн районунун тургуну алма сактоочу ири транспорттук-логистикалык борбор куруу үчүн мамлекеттик каржылык колдоо керек экенин айтты. Маалыматка ылайык, министр бул багытта мамлекеттик

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы акырындык менен жогорулай берет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымына караганда, өлкө күйүүчү-майлоочу материалдардын 90%дан ашыгын импорттойт, ошондуктан ички рынок тышкы бааларга, геосаясий кырдаалга жана транспорттук чыгымдарга түздөн-түз көз каранды. “Азырынча бааларды туруктуу кармап турабыз, бирок баары бир акырындык