Быйыл төлөм карталары күтүлгөндөн эки эсе көп чыккан - 4.6 млн

Быйыл төлөм карталары күтүлгөндөн эки эсе көп чыккан - 4.6 млн

2022-жылы 2.4 млн төлөм картасын чыгаруу пландаштырылган, бирок сентябрдын аягында алардын саны 4.6 млн картага жеткен. Бул тууралуу Улуттук банк сунуштаган 2023-2027-жылдарга карата төлөм системасын өнүктүрүү стратегиясында айтылат.

Мындан тышкары, Улуттук банк кыргызстандыктар карталар аркылуу 33.2 миллионго жакын операция жүргүзөт деп күткөн. Бирок транзакциялардын көлөмү 88.7 миллиондон ашып, ал эми төлөмдөр 183.3 млрд сомдун ордуна 354 млрд сомдон ашкан.

Ошондой эле, электрондук капчыктардын саны боюнча божомолдор да туура эмес болуп чыккан. 2.3 млн гана күтүлгөнүнө карабастан, алардын жалпы саны 5.4 миллиондон ашкан. Электрондук капчыктар аркылуу операциялардын көлөмү болсо 70 млрд сомдон ашкан (14.1 млрд сомдук которуу күтүлгөн).

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдар менен иш жүргүзгөн компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу президенттик админстрациядан маалымдашты. Маалыматка ылайык, отурумда негизинен өлкөгө мунай заттарын импорттоо боюнча түзүлгөн жаңы келишимдердин аткарылышы, ички жана эл аралык рыноктордо күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча түзүлүп жаткан жалпы кырдаал каралды.

Милиция Бакай-Атада ок атуучу курал ээлерине коопсуздук талаптарын эскертти

Милиция Бакай-Атада ок атуучу курал ээлерине коопсуздук талаптарын эскертти

Бакай-Ата районунда милиция кызматкерлери ок атуучу куралы бар жарандарды текшерди. Бул тууралуу аймактык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, тескөөчүлөр каттоодо турган курал ээлеринин үйлөрүнө барып, куралдарды сактоо шарттарын, коопсуздук талаптарынын сакталышын жана уруксат берүүчү документтердин мөөнөтүн текшеришти. Текшерүү учурунда жарандарга ок атуучу куралдарды сактоо, алып жүрүү жана колдонуу

Адылбек Касымалиев: Жер эч качан сатылбайт

Адылбек Касымалиев: Жер эч качан сатылбайт

Кыргызстан экономикалык өсүштүн жогорку темпин сактап калуу үчүн миллиарддаган доллар көлөмүндөгү чет элдик инвестицияларга муктаж. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымына караганда, коомчулуктун айрым өкүлдөрү чет элдик компаниялардын келишине тынчсыздануу менен карашат. Алар инвесторлор жерге ээлик кылып алышы же жергиликтүү тургундарды сүрүп чыгарышы мүмкүн деп кооптонушат.

Оштун “Төлөйкөн” көмөк чордонунда 40 миң кВАлык трансформатор орнотулат

Оштун “Төлөйкөн” көмөк чордонунда 40 миң кВАлык трансформатор орнотулат

Ош электр тармактары ишканасына 40 миң кВА кубаттуулуктагы трансформатор  алып келинди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Жабдуу электр энергиясына өсүп жаткан суроо-талапты камсыз кылуу жана тармактагы жүктү азайтуу максатында орнотулат. Жаңы трансформатор Кытайдан "КУЭТ" ААКнын каржылоосу менен жеткирилип, Ош шаарындагы 110/35/10 кВ “Төлөйкөн” көмөк чордонундагы