Кыргызстанда сегиз ГЭС курулуп жана оңдолуп жатат

Кыргызстанда сегиз ГЭС курулуп жана оңдолуп жатат

Кыргызстанда сегиз ГЭС сегиз долбоору курулуп жана реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда, Улуттук энергохолдинг билдирди.

Компания мамлекет башчысы энергетика тармагындагы инвесторлорго жеңилдиктерди берүүнү убада кылганын эске салды. Мындан тышкары мамлекет ата мекендик инвесторлор курган чакан ГЭСтерден электр энергиясын сатып алмакчы.

Учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор төмөнкүлөр:

  1. Жалал-Абад облусунда Көк-Арт дарыясына кичи ГЭСтин курулушу. Иш 24 саат токтобой жүрүп жатат, түнкүсүн да прожектордун жарыгында бетон куюлуп жатканын көрүүгө болот.
  2. Таласта кубаттуулугу 25 МВт болгон “Бала-Саруу” ГЭСинин курулушу.
  3. Нарында кубаттуулугу 100 МВт болгон Куланак ГЭСинин курулушу.
  4. Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо. Анын кубаттуулугу 5.6 мегаваттка жогорулайт.
  5. 60 МВт кошуу менен Токтогул ГЭСинин бир агрегатын реконструкциялоо. Учурда сыноо иштери жүрүп жатат. Дагы үч блок — жылына бир блоктон – реконструкцияланат. Жалпысынан 240 МВт кубаттуулук кошулат.
  6. Кошумча 40 МВт кошуу менен Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо.
  7. Камбар-Ата ГЭС-2ни курууга тендер жарыяланды. Анын кубаттуулугу 150 МВт болот.
  8. Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга, жолдорду, көпүрөлөрдү, электр линияларын, курулуш аянтчаларын курууга даярдыктар жүрүп жатат. Анын кубаттуулугу 1800 МВт болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media