Сауд Арабиясынын ири компаниялары Кыргызстанга инвестиция салууга даяр

Сауд Арабиясынын ири компаниялары Кыргызстанга инвестиция салууга даяр

Сауд Арабиянын ири компаниялары Кыргызстанга инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу кечээ, 28-ноябрда, кабмин башчысы Акылбек Жапаров менен Сауд Арабиясынын инвестиция министринин орун басары Бадр Аль-Бадрдын жолугушуусунун жыйынтыгында маалым болгонун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Жапаров эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бизнес өнөктөштүктү күчөтүү зарыл экенин айтып, дүйнөлүк рынокто сауд компаниялардын тажрыйбасын белгилеп, Кыргызстандагы долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.

«Кыргызстан Сауд Арабиясынын ири компанияларын соода, инвестиция, айыл чарба, энергетика, илим жана билим берүү, туризм жана маданият, ошондой эле халал индустриясы тармагындагы долбоорлорго тартууга кызыкдар», – деди минкаб башчысы.

Өз кезегинде Бадр Аль-Бадр делегация мүчөлөрүн, ар түрдүү тармактардагы, анын ичинде айыл чарба, фармацевтика, энергетика, туризм жана башка тармактардагы алдыңкы сауд компанияларынын жетекчилерин тааныштырып, эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кызматташууну арттырууга толук даяр экендигин билдирди.

Эки жак көп тараптуу кызматташтыктын алкагында кызматташууну активдүү баштоону макулдашты.

«Сөздөн ишке өтчү мезгил келди, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө чукул өзгөрүш жасообуз керек. Кыргыз тарап бардык багыттар боюнча ар түрдүү колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө даяр», – деп Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media