Улуттук банк сактагычында 37.8 тонна алтын бар экенин тастыктады

Улуттук банк сактагычында 37.8 тонна алтын бар экенин тастыктады

Улуттук банктын сактагычында 37.8 тонна алтын бар. Бул тууралуу регулятордун расмий өкүлү Аида Карабаева маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банктын алтын валюта резерви 13 тонна алтынды түзсө, калган 24.7 тоннасы – регулятордун алтын запастары.

«31-октябрга карата финансылык отчетту карасаңыз, анда алтынга байланыштуу эки пункт бар. Бул резервдеги 57 млрд сомдук алтын же болбосо 13 тонна алтын. Жана ошондой эле монетардык эмес алтын жана 118.4 млрд сомдук алтын запасы», – деп жыйынтыктады Карабаева.

Эскерте кетсек, элдик курултайда президент Садыр Жапаров Улуттук банкта дээрлик 40 тонна алтын сакталып жатканын айткан.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдар менен иш жүргүзгөн компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу президенттик админстрациядан маалымдашты. Маалыматка ылайык, отурумда негизинен өлкөгө мунай заттарын импорттоо боюнча түзүлгөн жаңы келишимдердин аткарылышы, ички жана эл аралык рыноктордо күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча түзүлүп жаткан жалпы кырдаал каралды.

Милиция Бакай-Атада ок атуучу курал ээлерине коопсуздук талаптарын эскертти

Милиция Бакай-Атада ок атуучу курал ээлерине коопсуздук талаптарын эскертти

Бакай-Ата районунда милиция кызматкерлери ок атуучу куралы бар жарандарды текшерди. Бул тууралуу аймактык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, тескөөчүлөр каттоодо турган курал ээлеринин үйлөрүнө барып, куралдарды сактоо шарттарын, коопсуздук талаптарынын сакталышын жана уруксат берүүчү документтердин мөөнөтүн текшеришти. Текшерүү учурунда жарандарга ок атуучу куралдарды сактоо, алып жүрүү жана колдонуу

Адылбек Касымалиев: Жер эч качан сатылбайт

Адылбек Касымалиев: Жер эч качан сатылбайт

Кыргызстан экономикалык өсүштүн жогорку темпин сактап калуу үчүн миллиарддаган доллар көлөмүндөгү чет элдик инвестицияларга муктаж. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымына караганда, коомчулуктун айрым өкүлдөрү чет элдик компаниялардын келишине тынчсыздануу менен карашат. Алар инвесторлор жерге ээлик кылып алышы же жергиликтүү тургундарды сүрүп чыгарышы мүмкүн деп кооптонушат.

Оштун “Төлөйкөн” көмөк чордонунда 40 миң кВАлык трансформатор орнотулат

Оштун “Төлөйкөн” көмөк чордонунда 40 миң кВАлык трансформатор орнотулат

Ош электр тармактары ишканасына 40 миң кВА кубаттуулуктагы трансформатор  алып келинди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Жабдуу электр энергиясына өсүп жаткан суроо-талапты камсыз кылуу жана тармактагы жүктү азайтуу максатында орнотулат. Жаңы трансформатор Кытайдан "КУЭТ" ААКнын каржылоосу менен жеткирилип, Ош шаарындагы 110/35/10 кВ “Төлөйкөн” көмөк чордонундагы