«Альянс Алтын» Талас районунун 800гө жакын тургунун иш менен камсыз кылды

«Альянс Алтын» Талас районунун 800гө жакын тургунун иш менен камсыз кылды

Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлеринин жалпы саны 778 адамды түздү. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат.

«Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлеринин көбү Талас облусунун тургундары, анын ичинде. Бекмолдо айыл округунан:

  • башка аймактардан – 185 кызматкер (27%)
  • Талас районунан – 494 кызматкер (73%), анын ичинен Бекмолдоев айыл өкмөтүнөн – 201 кызматкер (Талас районунан кызматкерлердин жалпы санынын 41%).

Ошондой эле компания Талас районунун 361 жашоочусун окутуп, натыйжада, кабыл алуу комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча, 2022-жылдын октябрь айына карата алардын ичинен 207 адам «Альянс Алтын» ЖЧКсына жумушка орношкон.

«Биз кызматкерлерибизге эң жакшы шарттарды түзүүгө аракет кылабыз. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чаралар такай өткөрүлүп турат. Окуу борборунда ар бир кызматкер билимге жана өндүрүш процессин өркүндөтүү боюнча билим алып турат», – деп белгилешти компаниядан.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендин Жаңы-Достук айылына 197 млн сомго мектеп курулууда

Баткендин Жаңы-Достук айылына 197 млн сомго мектеп курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Баткен районунун Жаңы-Достук айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулууда. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 197 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган. Бүгүнкү күндө

5-августта Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

5-августта Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

“Бишкек электр тармактары” ишканасы 5-августта борбор калаанын бир катар аймактарында электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында оңдоо жана техникалык иштер жүргүзүлөрүн билдирди. Ушуга байланыштуу төмөнкү даректерде электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Чыгыш РЭС: - 09:30–17:30 – Огонбаев көчөсү, №222 үй; - 09:30–12:00 – Кара-Жыгач конушу (Оберон, Кереге-Таш,

Бишкек мэри жол курулуштарын текшерип, подрядчыларга эскертүү берди

Бишкек мэри жол курулуштарын текшерип, подрядчыларга эскертүү берди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын алкагында борбор калаада реконструкцияланып жана капиталдык оңдолуп жаткан жол курулуш объектилерин жеринде текшерди. Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы Миңжылкыев, Муромская, Санжыра, Ала-Арча, Проектируемая, Жайыл баатыр, Безымянная, Семетей, Жеңиштин 50 жылдыгы, Мамбет Иманалиев, Эркин жана Элебесов көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан иштердин сапаты жана аткаруу темпи

Бишкекте этти 680 сомдон саткан көчмө соода унаалары иштеп жатат

Бишкекте этти 680 сомдон саткан көчмө соода унаалары иштеп жатат

Бишкек шаарында калк үчүн жеткиликтүү баада эт саткан фудтрактар ишин улантууда. Аларды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "Кыргыз Агрохолдинг" ААК уюштурган. Министрликтин маалыматына ылайык, көчмө соода унааларында эттин килограммы 680 сомдон сатылууда. Алар шаардагы бир нече аймактарда жайгашкан. Учурда эт саткан жайлар