Бишкектен Шарм-эш-Шейхке чартердик каттам ачылды

Бишкектен Шарм-эш-Шейхке чартердик каттам ачылды

Бишкектен Египеттин Шарм-эш-Шейхине түз аба каттамдары ачылды. Алар жумасына бир жолу учат. Азырынча каттамдардын календарь боюнча так расписаниеси жок.

Египеттин Red Sea Airlines авиакомпаниясы Шарм-эш-Шейх – Бишкек – Шарм-эш-Шейх багыты боюнча чартердик каттамдарды ачты. Рейстер Кувейт аркылуу Boeing 737-800 учагында ишке ашырылат. Бул тууралуу Fligtradar24 авиапорталынын маалыматы тастыктайт.

“Манас” эл аралык аэропортунун Фейсбуктагы расмий баракчасында маалымдалгандай, 2022-жылдын күз-кыш мезгилиндеги биринчи чартердик рейс жекшемби күнү, 30-октябрда, Кыргызстандын борборунан Египетке учуп кеткен.

Айтылган убакыттан бери Шарм-эш-Шейхке төрт чартердик каттам аткарылды. Акыркысы 29-ноябрда, шейшемби күнү учкан. Азырынча Шарм-эш-Шейхке каттам «Манас» аэропортунун сезондук расписаниесинде жок – чартердин жуманын күндөрүнө байланышы жок.

Red Sea Airlines — Египеттин чартердик авиакомпаниясы. Ал 2021-жылы түзүлгөн. Fligtradar24 авиапорталынын маалыматы боюнча, авиакомпаниянын паркында бир гана учак бар – Boeing 737-800. Авиакомпания ишке киргенде, бул типтеги учактар ​​паркы эконом класстагы 189 жүргүнчүнү ташууга ылайыкташа турганы кабарланган.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендин Жаңы-Достук айылына 197 млн сомго мектеп курулууда

Баткендин Жаңы-Достук айылына 197 млн сомго мектеп курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Баткен районунун Жаңы-Достук айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулууда. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 197 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган. Бүгүнкү күндө

5-августта Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

5-августта Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

“Бишкек электр тармактары” ишканасы 5-августта борбор калаанын бир катар аймактарында электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында оңдоо жана техникалык иштер жүргүзүлөрүн билдирди. Ушуга байланыштуу төмөнкү даректерде электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Чыгыш РЭС: - 09:30–17:30 – Огонбаев көчөсү, №222 үй; - 09:30–12:00 – Кара-Жыгач конушу (Оберон, Кереге-Таш,

Бишкек мэри жол курулуштарын текшерип, подрядчыларга эскертүү берди

Бишкек мэри жол курулуштарын текшерип, подрядчыларга эскертүү берди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын алкагында борбор калаада реконструкцияланып жана капиталдык оңдолуп жаткан жол курулуш объектилерин жеринде текшерди. Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы Миңжылкыев, Муромская, Санжыра, Ала-Арча, Проектируемая, Жайыл баатыр, Безымянная, Семетей, Жеңиштин 50 жылдыгы, Мамбет Иманалиев, Эркин жана Элебесов көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан иштердин сапаты жана аткаруу темпи

Бишкекте этти 680 сомдон саткан көчмө соода унаалары иштеп жатат

Бишкекте этти 680 сомдон саткан көчмө соода унаалары иштеп жатат

Бишкек шаарында калк үчүн жеткиликтүү баада эт саткан фудтрактар ишин улантууда. Аларды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "Кыргыз Агрохолдинг" ААК уюштурган. Министрликтин маалыматына ылайык, көчмө соода унааларында эттин килограммы 680 сомдон сатылууда. Алар шаардагы бир нече аймактарда жайгашкан. Учурда эт саткан жайлар