Улуттук банктын божомолу боюнча 2023-жылы 413.5 млрд сомго чейин сатып алуулар карталар аркылуу жүрөт

Улуттук банктын божомолу боюнча 2023-жылы 413.5 млрд сомго чейин сатып алуулар карталар аркылуу жүрөт

Келерки жылы төлөм карталары аркылуу 413.5 млрд сомдук транзакциялар жүргүзүлөт. Төлөм системасын өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясында мындай божомолдорду Улуттук банк келтирди.

Улуттук банк 2023-жылы төлөм карталарын колдонуу менен 92.8 млн транзакция ишке ашат деп болжолдоодо. Бир адамга карта аркылуу операциялардын орточо көлөмү 90.8 миң сомду түзөт.

Ошол эле учурда электрондук капчыктарды колдонгондор жалпы суммасы 88.5 млрд сомго 32.7 млн транзакция жасай алышат. Бирок, акыркы жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй, иш жүзүндөгү жыйынтыктар Улуттук банк күткөндөн да ашып түшүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан климаттык долбоорлор боюнча эл аралык өнөктөштүктү бекемдейт

Кыргызстан климаттык долбоорлор боюнча эл аралык өнөктөштүктү бекемдейт

Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору Азиянын токой кызматташтыгы уюмунун (AFoCO) өкүлдөрү менен жолугушуп, учурдагы долбоорлордун жүрүшүн жана келечектеги биргелешкен демилгелерди талкуулады. Борбордун маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан агротокой чарбачылыгы аркылуу көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышынын ордун толтуруу боюнча иштин жыйынтыктары каралды. Долбоор фермерлер арасында агротокой чарбачылыгын өнүктүрүүгө,

Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкекте 5-августтан тартып айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим шаарда жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга жана борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү куруу долбоорун улантууга байланыштуу кабыл алынган. Жер алдындагы жөө адамдар

Кыргыз-корей алакасы: "Менин айылым" долбооруна дагы 670 миң доллар бөлүнөт

Кыргыз-корей алакасы: "Менин айылым" долбооруна дагы 670 миң доллар бөлүнөт

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте "Менин айылым" долбоорун колдоону улантуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу аземи болуп өттү. Аталган кызматтан билдиришкендей, иш-чарага Мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангже, ошондой эле KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Лим

Өзбекстандан алынып келинген пияз өлкө аймагына киргизилген жок

Өзбекстандан алынып келинген пияз өлкө аймагына киргизилген жок

“Достук” карантиндик фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунда Өзбекстандан импорттолуп келе жаткан 24 770 кг пияз өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө продукциянын таңгагында Евразия экономикалык бирлигинин фитосанитардык талаптарына ылайык милдеттүү маркировкалоо белгилери жок экендиги аныкталды. Мыйзам талаптарына ылайык жүктү Кыргызстандын аймагына киргизүүгө уруксат берилбей,