Кийинки жылы жеңилдетилген ипотекага 15 кабаттуу үйлөр курулуп баштайт

Кийинки жылы жеңилдетилген ипотекага 15 кабаттуу үйлөр курулуп баштайт

Келерки жылдан баштап президенттин жарлыгы менен мамлекеттик ипотекага төмөндөтүлгөн жылдык 4% менен көп кабаттуу үйлөрдү куруп башташат. Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчиси Каныбек Туманбаев Facebook баракчасында билдирди.

Туманбаев белгилегендей, делегаттар жакында өткөн элдик курултайда ипотека маселесин көтөрүшкөн. Жыйындын жыйынтыгында президент Садыр Жапаров мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызы 14%дан 4%га чейин төмөндөтүлүп, насыя берүү мөөнөтү 10 жылдан 25 жылга чейин узартыларын билдирген.

Анын айтымында, мындай ипотекалык үйлөрдү массалык түрдө куруу кийинки жылы башталат. Жеңилдетилген ипотека боюнча батирлер бюджеттик кызматкерлерге гана эмес, бардык жарандарга берилет.

«Азыр президентибиздин буйругу менен жогорудагы үйлөрдүн курулуш иштери башталды, булар 15 кабаттуу үйлөр болот», – деп жазды ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги "Алтын Ордо" конушунун 9 көчөсүнө жарык орнотулду

Бишкектеги "Алтын Ордо" конушунун 9 көчөсүнө жарык орнотулду

Ленин районундагы "Алтын Ордо" конушунун тогуз көчөсүндө тышкы жарыктандыруу системасын орнотуу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бишкек шаарынын Ленин районундагы "Алтын Ордо" конушунда тогуз көчөгө заманбап тышкы жарыктандыруу орнотулду. Мэриянын маалыматына ылайык, "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы тарабынан Аян, Сары-Өзөн, Керемет,

Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт. Президенттик админстрациянын маалыматына ылайык, жыйын тар жана кеңейтилген курамда өтөт. Күн тартибине ылайык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары байкоочу өлкөлөрдүн катышуусунда 15тен ашуун маселени карашат. Евразиялык экономикалык биримдиктин негизги максаты – мүчө

Токмок – Кемин жолунда 8 мыйзамсыз объект аныкталды

Токмок – Кемин жолунда 8 мыйзамсыз объект аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй аймактык башкармалыгынын Чүй райондук архитектура башкармалыгы тарабынан Токмок -Кемин унаа жолунун боюнда жайгашкан объекттерге инвентаризация жүргүзүлдү. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, инвентаризациянын жүрүшүндө жалпы 8 мыйзамсыз объект аныкталды. Алардын ичинен

Таластагы жаңы жолдун асфальты лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлдү

Таластагы жаңы жолдун асфальты лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору өлкө аймагында курулуп жаткан жолдордун сапатын көзөмөлдөө иштерин улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, кезектеги көчмө текшерүүнүн алкагында Талас облусундагы Осмонкул унаа жолунун асфальт-бетон жабуусунан лабораториялык изилдөө үчүн керн үлгүлөрү алынды. Министрликтин маалыматына ылайык, алынган үлгүлөр борбордун сыноо