Кыргызстандык ишкерлер Германияда дагы үч жыл стажировкадан өтө алышат

Кыргызстандык ишкерлер Германияда дагы үч жыл стажировкадан өтө алышат

Башкаруудагы кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча «Fit for Partnership with Germany» программасы 2023-2025-жылдарга чейин узартылды. Ага ылайык, кыргызстандык ишкерлер үч жыл бою Германияда стажировкадан өтө алышат.

Программаны улантуу боюнча биргелешкен декларацияга 30-ноябрда Бишкекте КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов менен Германиянын Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлигинин өкүлү Хайнц Хетмайер кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Программанын аркасында ата мекендик ишкерлер Германияда стажировкадан өтүүгө жана өндүрүш жана өнөр жайдагы алдыңкы европалык тажрыйбаны өздөштүрүү, ошондой эле Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат.

2022-жылдан баштап окууну онлайн жана аралыктан өтүү мүмкүн болуп баштаган. Германияда болуу эки жумага кыскартылып, дагы алты жума катышуучулар немис компаниялары менен бизнес түзүүгө онлайн режиминде даярданышат.


«Fit for Partnership with Germany» программасы аркылуу башкаруучу кадрларды даярдоо боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга 2007-жылы кол коюлган. Анын алкагында жыл сайын кыргызстандык ишкерлер Германияда стажировкадан өтүшөт. Долбоор Германиянын Экономика жана климатты коргоо министрлиги тарабынан каржыланат. Каржылык чыгымдардын 90%ын немис тарап көтөрөт.

Мындан тышкары окуңуз

Таластагы жаңы жолдун асфальты лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлдү

Таластагы жаңы жолдун асфальты лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору өлкө аймагында курулуп жаткан жолдордун сапатын көзөмөлдөө иштерин улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, кезектеги көчмө текшерүүнүн алкагында Талас облусундагы Осмонкул унаа жолунун асфальт-бетон жабуусунан лабораториялык изилдөө үчүн керн үлгүлөрү алынды. Министрликтин маалыматына ылайык, алынган үлгүлөр борбордун сыноо

Караколдо олимпиадалык бассейни бар спорт комплекси курулуп жатат

Караколдо олимпиадалык бассейни бар спорт комплекси курулуп жатат

Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда 12 гектар аянтка эл аралык талаптарга жооп берген заманбап спорт комплексинин курулушу уланууда. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында 275 орундуу спорт интернаты, эл аралык стандарттагы көп функционалдуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулат.

Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолунда жаңы көпүрөнүн курулушу аяктады

Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолунда жаңы көпүрөнүн курулушу аяктады

Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунун курулушу бекитилген графикке ылайык активдүү жүргүзүлүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, учурда жолдун 0–1,3-чакырым аралыгында экинчи багыттын негизги катмары (саббейс) төшөлүп, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады. Мындан тышкары, суу агызуучу

Кыргызстанда маркумдун сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды

Кыргызстанда маркумдун сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров "Маркумду узатуу жана сөөк коюу иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам долбооруна кол койду. Эми крематорийлер адамдын сөөгүн өрттөө үчүн эмес, медициналык мекемелерде пайда болгон биологиялык калдыктарды (органдар жана ткандар) санитардык талаптарга ылайык жок кылуу үчүн гана колдонулат. Крематорийлер республикалык жана жергиликтүү бюджеттин, ошондой эле