Сауд Арабиялык бизнес-делегация «Аман-Гринфуд», «Аква Пром», «Торо» жана «Шоро» компанияларына барды

Сауд Арабия Падышачылыгынан келген Al Rajhi, Saudi Exim Bank сыяктуу ири инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү КРдагы сапарынын алкагында, балчылык, балык жана эт азыктары, ошондой эле бөтөлкөдөгү сууларды чыгарган жергиликтүү ишканаларга барышканын Инвестиция боюнча агенттик билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө «Аман-Гринфуд», «Аква Пром», «Торо» ЖЧК жана «Шоро» ЖАКтын өкүлдөрү Сауд Арабиянын делегациясын өндүрүштүн толук цикли менен тааныштырышып, анын кубаттуулугу, продукциянын сапатын башкаруу системалары тууралуу маалымат беришкен.

“Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегин, Сауд Арабия рыногуна чыгуунун маркетингдик стратегиясын талкуулашты. Ишкерлер өндүрүштү кеңейтүү жана андан кийин САПга продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн карашты”, – деп айтылат маалыматта.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды

"Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды