Жыл башынан бери 8 миңден ашык дыйкан жеңилдетилген насыя алды

“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун алкагында быйылкы жылдын башынан бери дыйкандарга 4 млрд 678 млн сомдук 8.2 миң кредит берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Министрлик жалпысынан 2013-жылы долбоор башталгандан бери 51.6 млрд сомго 120 миңден ашык жеңилдетилген насыялар берилгенин кошумчалады.

2013-жылдан бери насыялар төмөнкү секторлор боюнча берилген:

  • Мал чарбасы – 33 млрд сомго 96 миң кредит (жалпы насыялоонун 64%)
  • Өсүмдүк чарбасы – 22.1 миң кредит, 7.85 млрд сом (15%)
  • Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү – 2.4 миң кредит 10.7 млрд сомго (21%).
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды

"Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды