Депозиттерди коргоо фонду 230 млн сомго жетти

Депозиттерди коргоо фонду 230 млн сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча жалпы депозиттерди коргоо фонду 4.3 млрд сомдон ашты. Кварталда өсүш 230 млн сомду түздү. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо агенттигинин отчетунда айтылат.

Отчеттук мезгилде киреше 318 млн сомду түзсө, өткөн кварталда 189 млн сомду гана түзгөн.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери депозиттерди коргоо системасынын катышуучулары фондду 335 млн сомго толуктап, жалпы салым 2.5 млрд сомдон ашкан. Мамлекеттик төгүмдөр өзгөрүүсүз калып, 257.7 млн сомду түздү. Топтолгон таза киреше 1.4 млрд сомдон ашты.

Мындан тышкары окуңуз

Таластагы жаңы жолдун асфальты лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлдү

Таластагы жаңы жолдун асфальты лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору өлкө аймагында курулуп жаткан жолдордун сапатын көзөмөлдөө иштерин улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, кезектеги көчмө текшерүүнүн алкагында Талас облусундагы Осмонкул унаа жолунун асфальт-бетон жабуусунан лабораториялык изилдөө үчүн керн үлгүлөрү алынды. Министрликтин маалыматына ылайык, алынган үлгүлөр борбордун сыноо

Караколдо олимпиадалык бассейни бар спорт комплекси курулуп жатат

Караколдо олимпиадалык бассейни бар спорт комплекси курулуп жатат

Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда 12 гектар аянтка эл аралык талаптарга жооп берген заманбап спорт комплексинин курулушу уланууда. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында 275 орундуу спорт интернаты, эл аралык стандарттагы көп функционалдуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулат.

Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолунда жаңы көпүрөнүн курулушу аяктады

Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолунда жаңы көпүрөнүн курулушу аяктады

Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунун курулушу бекитилген графикке ылайык активдүү жүргүзүлүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, учурда жолдун 0–1,3-чакырым аралыгында экинчи багыттын негизги катмары (саббейс) төшөлүп, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады. Мындан тышкары, суу агызуучу

Кыргызстанда маркумдун сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды

Кыргызстанда маркумдун сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров "Маркумду узатуу жана сөөк коюу иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам долбооруна кол койду. Эми крематорийлер адамдын сөөгүн өрттөө үчүн эмес, медициналык мекемелерде пайда болгон биологиялык калдыктарды (органдар жана ткандар) санитардык талаптарга ылайык жок кылуу үчүн гана колдонулат. Крематорийлер республикалык жана жергиликтүү бюджеттин, ошондой эле