«Кепилдик фонду» 18 банкка сынак өткөрүп, эң мыкты кредиттик адистерди аныктады

«Кепилдик фонду» 18 банкка сынак өткөрүп, эң мыкты кредиттик адистерди аныктады

«Кепилдик фонду» «Көбүрөөк кепилдиктер – мыкты байге!» байгелик акциясынын жыйынтыгын чыгарды. Ал 2022-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин фонддун өнөктөш банктарынын кредит адистеринин арасында өткөрүлгөн.

Аталган фонддун берген маалыматына таянсак, акция Кыргызстандын бардык аймактарын жана борборду камтып, ага «Кепилдик фонд» ААКтын, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, «Салым Финанс» ААК МФКнын жана «Элет-Капитал» МФК ЖАКтын 18 өнөктөш банктарынын кредиттик адистери катышкан.

Бүгүн, 2-декабрда «Кепилдик фонд» ААКтын кеңсесинде Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча акциянын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Акциянын жыйынтыгы боюнча үч номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:
  • «РСК Банк» ААК Кыргызстандын эң мыкты банкы болду. Банк күрөө менен камсыздалган кредиттердин саны боюнча лидер болуп чыккан. Акциянын жүрүшүндө «РСК Банк» 311 упай топтоп, 78 кепилдик берген.
  • Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча эң мыкты филиалдар болуп «Керемет Банк» ААК (Бишкек) жана «Айыл Банк» ААК (Карабалта филиалы) табылды.

Мыкты кредиттик адистер:

Бишкекте:

  • 1-орун: Малик Турсунбеков, «РСК Банк» (Башкы офис), 50.4 балл
  • 2-орун: Бактыбек Сапаров, «РСК Банк» (Башкы офис), 39.9 балл
  • 3-орун: Жибек Закирова, «KICB» ЖАК (Башкы офис), 16.5 балл
  • 4-орун: Ильгиз Муратбеков, «Capital Bank», 16.1 балл.

Чүй облусу боюнча:

  • 1орун: Улан Осмоналиев, «Айыл Банк» (Кара-Балта филиалы), 12.5 балл
  • 2-орун: Алмаз Баялиев, «Айыл Банк» (Кара-Балта филиалы), 6.4 балл
  • 3-орун: Индира Акматова, «Айыл Банк» (Кант филиалы), 5.3 балл
  • 4-орун: Ринат Мундузбеков, «ФинансКредитБанк» (Кара-Балта филиалы), 3 балл

“Баалоонун негизги критерийлери болуп “Кепилдик фонду” ААКтын кепилдигинин эң көп саны жана көлөмү үчүн банк кызматкерлерине берилген баллдар эсептелди”, – деп айтылат фонддун маалыматында.

Жеңүүчүлөргө эстелик сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле фонд жакынкы арада Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарында акциянын катышуучуларына сыйлыктарды тапшырууну пландап жатат.

Эскерте кетсек, «Көбүрөөк кепилдиктер – мыкты байге!» акциясына төмөндөгү банктар катышкан:

  • «Айыл Банк» ААК
  • Банк «Бай-Түшүм» ААК
  • «Бакай Банк» ААК
  • «Банк Азии» ЖАК
  • «Банк Компаньон» ЖАК
  • «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК
  • «Дос-Кредобанк» ААК
  • «Керемет Банк» ААК
  • «Коммерческий банк Кыргызстан» ААК
  • «Capital Bank» ААК
  • «Кыргызкоммерцбанк» ААК
  • «KICB» ЖАК
  • «Кыргызско-Швейцарский Банк» ЖАК
  • «Оптима Банк» ААК
  • «РСК Банк» ААК
  • «ФинансКредитБанк» ААК
  • «ФИНКА Банк» ЖАК
  • «Халык Банк Кыргызстан» ААК
  • ОКӨФ
  • «МФК «Салым Финанс» ААК
  • «МФК «Элет-Капитал» ЖАК.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда балдардын коопсуздугу боюнча маселелер талкууланды

Кадамжайда балдардын коопсуздугу боюнча маселелер талкууланды

Кадамжай районунда сууга чөгүү учурларын алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана 2026–2027-окуу жылына даярдык боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык башкармалыктан билдиришти. Жыйынды райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Мирланбек Айтматов өткөрдү. Ага билим берүү, маданият, ички иштер бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

Бишкекте алты айда 6163 мыйзамсыз объект демонтаждалды

Бишкекте алты айда 6163 мыйзамсыз объект демонтаждалды

Бишкек шаардык мэриясында өткөн аппараттык жыйында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы 2026-жылдын биринчи жарым жылындагы ишинин жыйынтыгын сунуштады. Башкармалыктын маалыматына ылайык, отчеттук мезгилде борбор калаада мыйзамсыз орнотулган 6 163 объектдемонтаждалган. Жыйында шаар мэри Айбек Джунушалиев башкармалыктын ишинин оң жыйынтыктарын белгилөө менен бирге, негизги көрсөткүч түзүлгөн протоколдордун же өндүрүлгөн айып пулдардын

Михаил Мишустин Кыргызстанга келет

Михаил Мишустин Кыргызстанга келет

Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жакынкы күндөрү Кыргызстанга иш сапары менен келип, Eurasian Economic Unionнын Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат. Мишустин бул тууралуу Алтай Республикасынын башчысы Андрей Турчак менен болгон жолугушууда билдирген. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны 6–7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.

“Менин үйүм” турак жай программасына өзгөртүү кирди

“Менин үйүм” турак жай программасына өзгөртүү кирди

Президент Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын өркүндөтүүгө багытталган жарлыкка кол койду. Өзгөртүүгө ылайык, эми аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөп жаткан жерине карабастан мамлекеттик турак жай программасына катышууга укук алышты.  Мунун негизинде алар өлкөнүн кайсы аймагында кызмат өтөп жатканына карабастан турак жай