«Манас» аэропортунда 1 млн сомдон ашык суммадагы баалуу металл уютундусу кармалды

«Манас» бажысы 1 млн сомдон ашык суммадагы контрабандалык табигый уютундуну кармады. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Ушул жылдын 11-ноябрында Бишкек – Дубай авиакаттамы менен учуп келе жаткан Fly Dubai авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрү бажы көзөмөл зонасынан өтүүдө, Кытай жараны «И.Т.» кармалган.

“Жарандын рюкзагын текшерүү учурунда бажылык тариздөөнү
тастыктаган эч кандай документтери жок сары металлдан табигый уютундулар табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 240 граммды түзгөн. Баалоочу компаниянын экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын баасы 1 млн 836 миң сомду түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

Бул факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар КРын мыйзамдарына ылайык, караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды

"Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды