«Альфа Телеком» «Евразия сактык банкынын» 9.4% акциясына ээ болду
«Альфа Телеком» ЖАК (MEGA уюлдук оператору, мамлекеттик үлүшү 100%) «Евразиялык сактык банкы» ААКсынын 9.42% акциясына ээ болду. Мындай маалымат Кыргыз фондулук биржасында жарыяланды.
Билдирүүгө ылайык, 2-декабрда банктын баалуу кагаздары «Борбордук депозитарий» ЖАКтын номиналдык кармоосунан «Альфа Телеком» ЖАКтын жеке эсебине чегерилген.
Жалпысынан «Альфа Телекомго» жалпы номиналдык наркы 28 млн 269.7 миң сомду түзгөн 1.4 млн даана акциялар чегерилген. Бүтүмдөрдөн кийин банктын уставдык капиталындагы уюлдук компаниянын үлүшү 9.42%ды түздү.