Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгында 30 млн сомду «кымырып» алышкан

Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгында 30 млн сомду «кымырып» алышкан

Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тендердик сметага кирбеген кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрбөстөн, жасалма келишимдерди түзүү менен бюджеттен 30 млн сомду кымырып алышканын УКМК билдирди.

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Турак жай-курулуш департаментинин кызмат адамдары тарабынан документтерди кызматтык жасалмалоо жана жасалма подряд түзүү жолу менен, өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча маалыматтар алынган.

“2019-жылдын декабрь айында тендердик сметага кирбеген кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрбөстөн, жасалма кошумча келишимдерди түзүү менен подрядчы «С.Т.» ЖЧКсынын пайдасына 30 млн сомдон ашык суммадагы каражат республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылып, иш жүзүндө бул кошумча иштер алар тарабынан аткарылган эмес”, – деп айтылат маалыматта.

Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки териштирүү
иштеринин алкагында подряддык компаниянын директору К.А.Д. КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын аныктоого байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда төрт кабаттуу имараттын

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи