Дем берүүчү гранттардын эсебинен 560 млн сомго 287 долбоор каржыланды - эң көп Жалал-Абадга бөлүнгөн

2022-жылга “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 560.6 млн сомго 287 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфраструктуралык объектилерин (социалдык объектилер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер ж.б.) жакшыртуу максатында 2022-жылга “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 600.0 млн сом каралган. 

2022-жылы ишке ашырууга 297 долбоор бекитилген.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого берилген арыздар боюнча 2022-жылдын 11 айында “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 560.6 млн сомго 287 долбоор каржыланган, анын ичинен 148 объекти бүткөрүлгөн. 

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – жергиликтүү бюджеттердин үлүштүк катышуусу менен долбоордук-сынактын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына КРнын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды

"Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

Кайсы аймакта маяна жогору?