КРнын БАЭ менен соода жүгүртүүсү: экспорт – 5 эсеге, импорт – 10%га өстү

КРнын БАЭ менен соода жүгүртүүсү: экспорт – 5 эсеге, импорт – 10%га өстү

2019-2021-жылдар аралыгында КРнын Бириккен Араб Эмираттары менен соода жүгүртүүсү – 2.9 эсеге, анын ичинде экспорт – 5.4 эсеге, ал эми импорт 10.2%га өскөн. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарында өткөн Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык жыйынында өткөн жылы эки тараптуу сооданын көлөмү дээрлик 70 млн долларды түзгөнүн айтты.

“Үстүбүздөгү жылдын 8 айында 69 млн долларды түздү. Биз бул жагымдуу динамиканы сактап гана тим болбостон, аны мындан ары да бекемдөө үчүн биргелешип иш алып баруубуз керек”, – деди ал.

Жапаров ошондой эле КР БАЭге эт азыктарын, экологиялык жактан таза жашылча-жемиштерди, бал, кургатылган мөмө-жемиштерди, төө буурчакты, консерваланган продуктуларды жана кийизден жасалган буюмдарды жеткирүү көлөмүн жогорулатууга даяр экендигин белгиледи.

Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколго кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда төрт кабаттуу имараттын

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи