Ош аэропортунда жүк таңгактагандар күнүнө 150 миң сомдон табышат, бирок салык төлөшпөйт

Ош аэропортунда жүк таңгактагандар күнүнө 150 миң сомдон табышат, бирок салык төлөшпөйт

Оштон Россияга учкан жүргүнчүлөрдүн жүгүн ороп берген кызматы ар бир сумка же капты 300 сомдон ороп берет. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын бири “Фейсбук” баракчасында билдирди.

Эрнис Нурдин ысымдуу жаран Ош аэропортунда жүк ороп иштегендерге күнүнө 500дөй адам кайрыларын бирок бул ишти көзөмөлдөгөн эч ким жоктугун айтат.

“Оротпосоң катоодон өткөрбөйт. Орогонуна макул, бирок, эч кандай чек бербейт, нак эсептешет. Күнүнө жок дегенде 500 адам Россиянын булуң-бурчуна учуп турат. 500×300= 150 000 сом. 30 күндө × 150 000 сом = 4 млн 500 миң сом.

Бир айда 4.5 млн сом сол чөнтөкө кетип атабы ошондо? Салык кызматы жөнөкөй элге келгенде чек, патентти сыгып жатат. Ош аэропортундагы жүк орогон оромолчуну ким текшерет?”, – дейт ал.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда төрт кабаттуу имараттын

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи