Бишкек шаарынын мэриясы жаңы мончо комплексин курууга 180 млн сом жумшайт

Бишкек шаарынын мэриясы Жибек-Жолу проспектиси, 286 дарегинде жаңы мончо жана эс алуу комплексин курууга дээрлик 180 млн сом бөлүүнү карап жатат.

Мончо комплексин курууга тендерди мэриянын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыялады.

Тендердик документацияда курулуштун алдын ала сметалык баасы 179 млн 592.5 миң сом суммасында көрсөтүлгөн. Ошондой эле комплекс жертөлөдөн жана эки үстүңкү кабаттан турганы көрсөтүлгөн. Долбоордун аянты жана башка деталдары көрсөтүлгөн эмес. Курулуш мөөнөтү да белгисиз.

Жарыяланган тендердин алкагында 27-декабрга чейин мончо жана эс алуу комплексин куруу боюнча подрядчылардын арыздары кабыл алынат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды

"Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

Кайсы аймакта маяна жогору?