Бул жылы Кыргызстанда расмий жумушсуз адамдардын саны 76 миңден ашты

Расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны 2022-жылдын ноябрь айынын акырына карата 76.4 миң адамды түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин 2022-жылдын январь-ноябрь айларында КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсү деп аталган отчетунда айтылат.

Бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2.9%га азайган (2021-жылдын январь-ноябрында 0.2%га өскөн). Ал эми расмий эмес жумушсуз жарандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн.

Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) октябрь айындагы отчетунда 2023-жылы Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 9%ды түзөрү айтылат.

Ал эми КРда иш менен камсыз кылуу кызматына атайын катталган жумушсуз жарандардын саны 2022-жылдын февраль айында эле 76.5 миңди түзгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык коммиссиясынын маалыматында айтылат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды

"Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

Кайсы аймакта маяна жогору?