Таластагы курулуп жаткан кичи Бала-Саруу ГЭСи 2023-жылдын аягында ишке кирет

Таластагы курулуп жаткан кичи Бала-Саруу ГЭСи 2023-жылдын аягында ишке кирет

Бала-Саруу ГЭСин 2023-жылдын соңунда ишке берүү пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Талас облусунун Киров суу сактагычынын төмөнкү бьефинде “Бала-Саруу” кичи ГЭСи курулууда. Учурда долбоор боюнча болочок ГЭСтин жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын курулушуна керектелген материалдар толугу менен алынып, курулуусу пландалган 31 тирөөчтүн 18и чогултулуп, орнотулган.

Энергетика министрлигинин билдирүүсүнө караганда, жабык электр бөлүштүрүүчү жабдуу курулмасынын, башкача айтканда ЗРУга керектелген курулуш материалдары камсыздандырылууда жана курулманын фундаменти үчүн нөлдүк белгисине чейин бетон куюлуп бүттү. Бүгүнкү күндө ЗРУ имаратынын колонналары тургузулуп, экинчи кабатынын бетон иштери уланууда.

Бала-Саруу ГЭСинин агрегаттарынын иштөөсүн камсыз кылган суу түтүктөрүн курууга керек болгон темир материалдарынын дээрлик көпчүлүк бөлүгү Бишкек шаарындагы тиешелүү сактоочу жайларга жеткизилген.

“Мындан сырткары болочок ГЭСтин коопсуз жана сапаттуу иштөөсү үчүн Киров суу сактагычынын плотинасында жайгашкан суунун агымын жөнгө салуучу жабдыктарын (мостовой кран, ремонтные затворы) ондоп-түзөө, жанылоо иштери аткрылууда. Бала-Саруу ГЭСин 2023-жылдын соңунда ишке берүү пландалууда”, – дейт министрлик.


Эскерте кетсек, ушул жылдын апрель айында өткөн «Чакан ГЭС» ААКтын (мамлекеттик үлүшү 100%) акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында «Бала-Саруу ГЭС» чакан гидроэлектр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигинен 2 млрд сом өлчөмүндө кредит алуу боюнча макулдашуу жактырылган.

Белгилей кетсек, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду да (ОКӨФ) «Бала-Саруу» ГЭСин курууга 22.9 млн доллар берет.

Эске салсак, өткөн жылдын 29-августунда президент Садыр Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы чакан гидроэлектр станциясын курууга капсула салган.  

Жаңы гидроэлектр станциясынын курулушун Энергетика министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКнын көмөгү менен «Чакан ГЭС» ААК иш жүзүнө ашырмакчы. Долбоорду ушул 2022-жылдын декабрь айында жыйынтыктоо пландаштырылган болчу. 

  • «Бала-Саруу» ГЭСинин курулуш долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзөт, үч генераторлуу, орточо 92 млн кВт/с өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгарууга жөндөмдүү болот.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда төрт кабаттуу имараттын

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи