Ишкерлер жаңы салык эрежелерине каршы акцияга чыгышты

Ишкерлер жаңы салык эрежелерине каршы акцияга чыгышты

Бишкектеги Горький атындагы паркта бүгүн, 20-февралда ишкерлер салыктын жаңы киргизилген эрежелерине, кичине дүкөндөрдө ККМди колдонууга каршы экенин билдирген нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү медиа булактары билдиришти.

Ал жердеги ишкерлердин бири Адина Камбарова “Азаттыкка” акцияга жүздөй адам чыкканын, алар өкмөткө салык боюнча жаңы эрежелерге каршы чыгышканын айтып берген:

“Чупа-чупстан, пирожкиден баштап баарын электрондук кылып системага киргизишибиз керек экен. Касса менен ЭТТНдин чеги бирдей болушу керек деп жатышат. Эгер бир сом айырма болсо да, чек чыгарбай койсок да айыппул салышат. Товарды базардан алсак, анын төрт процентин биз төлөп калат экенбиз. Патент баасын да эки эсе көбөйтүп, ККМ да колдоносун деп коюшуптур. Биз азык-түлүк, тамак-аш сатабыз, анын кээ бир түрлөрү мөөнөтү өтүп кетсе жарабай калат”, – деген ал.

Эскерте кетсек, Салык кызматы соода менен алектенген ишкерлерди 2023-жылдын 1-январынан тартып ЭТТН колдонууга милдеттендирген. Ал үчүн ишкерлер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек.

Мындан тышкары окуңуз

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Министрлер Кабинетинин алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйынында балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо багытындагы бир катар маанилүү маселелер каралды. Жыйын Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкек шаарында 1-августтан тарта жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана кароосуз калган унааларды аныктоо жана мажбурлап эвакуациялоо боюнча рейддер башталат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар Жол кайгуул кызматы менен биргеликте өткөрүлүп, көчө-жол тармагындагы тартипти жакшыртууга багытталат. Рейддердин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, коомдук транспорт менен ыкчам

Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Күн мурун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыбек Молдобаев Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгына караштуу "Маловодное" жана "Сосновка" транспорттук көзөмөл пункттарына жумушчу сапар менен барды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө жайкы ысык мезгилде автомобиль жолдорун сактоо максатында оор жүк

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланованын катышуусунда Түркиянын ишкерлер делегациясы, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү, мөмө-жемиш продукциясынын экспортун көбөйтүү, логистиканы жакшыртуу жана агроөнөр жай тармагындагы